Канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар жана учурда тараптар «КГК» компаниясын толугу менен КРга өткөрүп берүү тууралуу тынчтык келишимин талкуулоо жыйынтыкталып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 2-январда, «Кумтөр» алтын кенине болгон сапарында белгилүү болгонун, өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көргөн.
«Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды», – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 23-декабрда Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз бийлиги канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушуу онлайн жабык видеоконференция форматында өткөн. Ага Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышышкан. Канада тараптан «Центерра Голддун» президенти жана башкы директору Скотт Перри катышкан.
Эскерте кетсек, бул сүйлөшүүлөдүн экинчи айлампасы десе болот. Биринчи сүйлөшүү 30-сентябрда, Женевада кыргыз делегациясынын Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги менен юристтердин коштоосунда өткөн эле.