Ысык-Көлдөгү «Асман» шаары коррупция боюнча шектелип жүргөн «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиевдин жетекчилиги астында курулат. Бул тууралуу Файзиев өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирген.
Тимур Файзиевдин айтымында, ал жакында эле мамлекеттин башкаруусунда «Асман» эко-шаарынын курулушунун жетектөөгө дайындалган. Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабы боюнча шаар 500 миң адамга, кийинчерээк дагы жарым млн адамга эсептелген. Долбоорго бир нече инвесторлор тартылып, алар яхта, жээк, тоо баарын кошкон эко-шаар курууга даярданышууда. «Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси «Асман» шаарынын курулушун ишке ашыруу үчүн кеминде 10-20 млрд доллар талап кылынарын билдирди.
Ошондой эле Файзиев долбоор тууралуу өлкө жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгонун, учурда стратегиялык багыттар жана 100 млрд долларлык инвестиция тартуу каралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ал элдик долбоор болот жана сунуштар да кабыл алынат.