Ысык-Көлдө Диснейленд курулат

Ысык-Көлдө Диснейленд курулат

Ысык-Көлдө Диснейленд, дүйнө жүзү үчүн олимпиадалык айыл, университеттер курулат.  Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү «Асман» шаарынын курулушун жетектөөгө мамлекет тарабынан жаңы дайындалган «Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси, коррупция боюнча шектелип жүргөн «бизнес өкүл ата» Тимур Файзиев өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ал жакында эле мамлекеттин башкаруусунда «Асман» эко-шаарынын курулушунун жетектөөгө дайындалган. Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабы боюнча шаар 500 миң адамга, кийинчерээк дагы жарым млн адамга эсептелген. Долбоорго бир нече инвесторлор тартылып, алар яхта, жээк, тоо баарын кошкон эко-шаар курууга даярданышууда. «Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси «Асман» шаарынын курулушун ишке ашыруу үчүн кеминде 10-20 млрд доллар талап кылынарын билдирди.

«Ал жерде дүйнө жүзү үчүн машыгууга эң чоң олимпиадалык айылды, Диснейлендди, медициналык борборлорду, университеттерди курууну пландап жатабыз. Жалпысынан бул эң сонун нерсе болот», – деди Файзиев.

Ошондой эле Файзиев долбоор тууралуу өлкө жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгонун, учурда стратегиялык багыттар жана 100 млрд долларлык инвестиция тартуу каралып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ал элдик долбоор болот жана сунуштар да кабыл алынат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери