Наталья Никитенко: Бийлик Кумтөрдүн алтынын, бюджеттин профицитин айтканы менен казынада акча жок

Наталья Никитенко: Бийлик Кумтөрдүн алтынын, бюджеттин профицитин айтканы менен казынада акча жок

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко жаңы Салык кодексин сынга алып, бийликти ишкерлер жана жарандар менен жолугушууларды өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасында жазган.

Депутат чийки жана өтө талаштуу Салык кодексинин шашылыш кабыл алынышы коомчулукта терс пикирлерди жаратканын белгиледи.

«Мен үч кесиптешим сыяктуу эле жаңы Салык кодексине (Жанар Акаев, Евгения Строкова, Айсулу Мамашева) каршы добуш бердим. Бийликтегилер бюджеттин профицити, Кумтөрдөн чыккан толтура алтын, чет элдик инвестиция сыяктуу билдирүүлөрүнө  карабай казынада акча жок. Быйыл бюджет тартыш.

Убадаланган 280 млрд сом жок. Кумтөр боюнча кырдаал барган сайын караңгы, түшүнүксүз болуп баратат. Алтын эч жерде сатылбайт, эки эсе көп кен казылып, бирок эки эсе аз алтын алынган, салыктар да аз төлөнгөн (алтын сатылбаса, салыкты кайдан төлөшкөнү белгисиз). Мындай шартта казынаны кантип толтурууга болот?

Буга чейин тешиктердин баары чет элдик жардам, грант, насыя жана мигранттардын которгон каражаттарынын эсебинен жабылып келген. Бирок бул бийликке ишенич жок. Тышкы жардам катарында эми даректүү жана максаттуу (бирок бул жерде да баары жакшы эмес: COVID менен күрөшүүгө бөлүнгөн 424 млн доллар бюджетти колдоого жумшалды – жакында донорлор таптакыр бербей калышат) кредиттер, гранттар да берилбейт. Мигранттардын абалы да азыркы бийликтин айынан өтө жакшы эмес.

Эмне кылыш керек? Эң жөнөкөй жана келесоо нерсе – жарандардын жети терисин сыйрып алуу. Ал эми бул нерсе өлкөдө эптеп жашап жаткан чакан жана орто бизнести өлтүрө турганы бийликти ойлондурбайт. Эң негизгиси, президентке тапшырма аткарылганын билдирип, анын жакыр өлкөдөгү кошумча чыгымдарына 2.8 млрд сом чыгарып бериш керек. Мен бийликти бул нерсени токтотууга, Салык кодексин жаңы талкууга кайтарууга, бизнес-коомчулугу жана жарандар менен жолугушууларды өткөрүүгө, Салык кызматы сыяктуу жаңы желмогузду түзбөөгө чакырам», – деп жазган Никитенко.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери