Кытай Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо үчүн жалпы суммасы 1 млрд юань (азыркы курс менен 13.3 млрд сом) болгон эки грант берет.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь аталган келишимге 31-декабрда кол коюшкан.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда мурда эки өлкөнүн жетекчилеринин деңгээлинде жетишилген келишимдерге ылайык, Кытай биринчи келишим боюнча 350 млн юань, экинчи келишимге ылайык, 650 млн юань берет. Бул каражатка эки тарап макулдашкан социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашат. Бирок конкреттүү кайсы долбоорлор экенин министрлик так маалымат берген жок.
Economist.kg басылмасы мурда кабарлагандай, 2021-жылдын май айында Кытай Кыргызстандын КЭРге болгон мамлекеттик карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге калтырганы үчүн кошумча төлөмдөрдү албай турганы жарыяланган болчу.
Бул Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытай министри Ван Инин сүйлөшүүлөрүнөн кийин белгилүү болгон. ТИМдин билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу Сиянь шаарында Казакбаевдин Кытайга болгон атайын иш сапарынын алкагында уюштурулган эле.
Кытай тарап андан сырткары төмөндөгүдөй чечимдерге келген:
- КРга акысыз 150 миң доза вакцинанын экинчи партиясын жөнөтүү
- КРнын экономикасын колдоого 350 млн юань (54 млн доллар) өлчөмүндө грант берүү
- COVID-19 пандемиясы учурунда токтоп калган КРдагы гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү
- КРга азык-түлүк менен жардам берүү маселесин карап чыгуу