Кыргызстан «Центерра Голддогу» акцияларысыз калышы мүмкүн – канадалык компания сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жеткенин ырастады

Кыргызстан «Центерра Голддогу» акцияларысыз калышы мүмкүн – канадалык компания сүйлөшүүлөрдө ийгиликке жеткенин ырастады

Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. Кумтөр долбоорунун келечеги боюнча Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүү процессинде ийгиликке жетишкенин ырастады. Алардын негизги шарты – КРнын «Центерра Голддун» акцияларынан баш тартуусу болду.

Бул тууралуу бүгүн, 3-январда канадалык компания КР президенти Садыр Жапаровдун «Кумтөр» кени боюнча «Центерра Голд» менен жакын арада жарашуу келишими түзүлүшү мүмкүн деген билдирүүсүнө жооп иретинде атайын пресс-релиз жарыялады.

Канадалык компаниянын билдирүүсүндө «Центерра Голд» 2021-жылдын май айында Кумтөр кенине байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү жана кенге көзөмөлдү кыргыз өкмөтү тартып алуусу боюнча КРнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады.

«Центерра Голд» жөнгө салуу келишиминде төмөнкү негизги шарттар камтылат деп күтүүдө:

  • «Центерра Голд» «Кыргызалтын» ААКга таандык «Центерра Голддун» 26.1%га жакын жөнөкөй акцияларын алат ( КР мамлекеттик үлүшү 100%). Акцияларды алгандан кийин Centerra Gold аларды жокко чыгарат.
  • Кыргызстан «Центерра Голддун» Кыргызстандагы эки туунду компаниясы («Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани») үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат.
  • «Центерра Голд» Кыргызстанга 2021-жылдын дивиденддерин төлөп берет, себеби, «Кыргызалтын» ААК кенди чыгаруунун натыйжасында албай калган.
  • Centerra Gold анын Кыргызстандагы эки туунду компаниясынын ортосундагы компаниялар аралык баланстарды жөнгө салууга байланыштуу «белгилүү бир каржылык сый акыларды» төлөп берет.
  • «Кыргызалтын» ААКнын эки талапкери «Центерра Голд» директорлор кеңешинин курамынан чыгат.
  • Тараптар бардык дооматтарын толугу менен жана биротоло алып салышат жана жоопкерчиликти мойнуна албастан бардык юрисдикциялардагы бардык соттук териштирүүлөрдү токтотушат.

Жыйынтыктап айтканда, «Центерра Голддун» отчетунда Кыргызстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканы жана сунуш кылынган чечимдер аягына чыгаарына кепилдик жок экени айтылат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын билдирди 3 февраля 2023 г.    16:35
Япониянын Muroo Systems Corporation компаниясы Каракөл ГЭСин өз каражатына курууга кызыкдар 3 февраля 2023 г.    16:00
Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт — Акылбек Жапаров 3 февраля 2023 г.    15:46
Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү 3 февраля 2023 г.    14:19
Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн 3 февраля 2023 г.    14:12
«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө? 3 февраля 2023 г.    12:28
Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти 3 февраля 2023 г.    11:25
МИК 85 млн сомдук сегиз батирди аукционго коет 3 февраля 2023 г.    10:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери