Мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарба багытындагы иштерге берилген насыялардын максаттуулугу менин жеке көзөмөлүмдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө билдирди.
Президент 6%дык арзан кредиттерди аткаминерлер тааныш-билиштикке салып, өздөрү алган учурларга эми жол берилбей тургандыгын айтты.
Мындан тышкары, Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер Жаңы Жылдан баштап 50 тыйындан эсептеле баштаарын, бул аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлөгө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо экенин белгиледи.
Ошондой эле медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин маянасы көтөрүлөөрүн да билдирди.
«Калкыбыздын саламаттыгына, билим алуусуна кам көрүү — биздин башкы мүдөөбүз, эң негизги приоритетибиз. Мамлекет тарабынан медицина кызматкерелерине, мугалимдерге карата мамиле кескин өзгөрөт. Алардын айлык-акыларын жогорулатабыз», – деди президент.