Салык режимин тандоо үчүн арыз берүүнүн мөөнөтү 1-февралга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов билдирди.
Буга чейин салык төлөөчүлөргө салык режими боюнча чечим кабыл алуу жана тиешелүү арызды берүү үчүн 15 гана жумушчу күнү бөлүнгөн болчу. Эске салсак, арызын өз убагында тапшырбагандар электрондук эсеп-фактураларды колдонууну талап кылган жалпы салык режимине которулат.
Анын айтымында, учурда Салык кызматына арыздар түшүп жатат, бирок ишкерлер 10-январга чейин эс алса болот, анткени арыз жазуу 1-февралга чейин узартылды.
Умтуловдун билдиргенине караганда, бөлүм жумасына жети күн, эс алуусуз күчөтүлгөн режимде иштейт.