JICA Бишкек – Ош жолунун коопсуздугун камсыздоого 9.1 млн доллар берет

JICA Бишкек – Ош жолунун коопсуздугун камсыздоого  9.1 млн доллар берет

Бишкек – Ош жолундагы карды тазалоого Япония 9.1 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу JICA эл аралык кызматташуу агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек Ош жолуна мүнөздүү болгон кар көчкүлөрдү тазалоо, жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн Япония өкмөтү Кыргызстанга 1.3 млрд иен (9.1 млн долларга жакын) өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтөт.

Уюмдан билдиришкендей, 24-декабрда Финансы министрлигинде «Бишкек-Ош унаа жолун кар көчкүлөрдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууга кол коюу аземине Япониянын элчиси Шигеки Маэда жана JICAнын туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото катышкан.

  • Долбоор Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кардан коргоочу конструкцияларды, тактап айтканда, карды кармоочу тосмолорду жана сигналдык чекиттерди орнотууну камтыйт. Бул долбоор JICAнын КРгы жолдордогу табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган долбоорлор портфелинин бир бөлүгү болуп саналат.
  • Учурда дагы бир гранттык долбоордун алкагында Бишкек Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында кар көчкүдөн коргоочу галереясы курулуп жатат.
  • Учурдагы кредиттик долбоордун алкагында ошол эле трассага таш кулоо жана жер көчкүдөн коргоо үчүн инженердик курулуштар курулат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери