Айыл чарба министри дыйкандарды эрте жазда сугат иштерин жүргүзүүгө чакырат. Кургакчылык болушу мүмкүн

Айыл чарба министри дыйкандарды эрте жазда сугат иштерин жүргүзүүгө чакырат. Кургакчылык болушу мүмкүн

2022-жылы сугат мезгилинде суунун тартыштыгы болот деген божомол бар. Ошондуктан эрте жазда сугат иштерин жүргүзүү ар бир дыйкандын кызыкчылыгы болуш керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2021-жылдын сугат мезгилинин жыйынтыктары жана 2022-жылга даярдык боюнча өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, 2021-жылы сугат мезгилинде дыйкандарга суу берүүдө көп көйгөйлөр болгон жана алардын себептеринин биринчиси жаздын суук болуп, кеч келиши жана өзөндөрдөгү суунун кеч келиши болгон.

«Быйыл сугат мезгилинде 4 млрд 883 млн куб суу беришибиз керек эле, бул көрсөткүч 92%га аткарылды. Бир мезгилде бардык дыйкандарга жеткизүү мүмкүн болгон жок. Ушул көйгөйлөрдү 2022-жылы болтурбоо максатында 1 млрд сом республикалык бюджеттен бөлүнүп жатат. Ноябрь айында кошумча 100 млн сом акча бөлүнгөн. Аны өздөштүрүү максатында тышта кыш мезгили болгонуна карабастан даярдык маселелерин активдүү жүргүзүп жатабыз. Эмдиги жылы сугат мезгилинде көйлөрдү болтурбоо максатында бир кыйла иштерди алпаруудабыз», – деди ал.

Ошондой эле Жаныбеков 2022-жылы суунун тартыштыгы болот деген божомолдор бар экенин айтты.

«Ошондуктан эрте жазда сугат иштерин жүргүзүү ар бириңиздердин кызыкчылыгыңыздар болуш керек», – деди Айыл чарба министри.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери