2022-жылы экономиканын калыбына келүүсү белгилүү бир убакытты жана өлкөнүн өкмөтүнөн реформаларды талап кылат. Бул тууралуу Улуттук банктын 2021-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда 2022-жылга карата божомолунда айтылат.
Отчетто эксперттердин баа берүүлөрүнө ылайык, келээрки жылы өндүрүштүн терс ажырымы азаят жана ИДӨнүн потенциалдуу өсүш арымына жетишүү 2022-жылдын аягында гана мүмкүн болот.
2021-жылдын III чейрегинде өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктүн
басаңдашы, негизинен, Кумтөр кенинде алтын өндүрүүнүн кыскарышы жана айыл чарба секторунда өндүрүштүн төмөндөшү
менен шартталган. Өтүп жаткан жылдын жаз-жай мезгилиндеги жагымсыз климаттык шарттар, анын ичинде вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздиги айыл чарба тармагынын өсүш арымынын төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн.
Базалык сценарийге ылайык, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча КРда ИДПнын өсүшү болжол менен 2.9%ды түзөрү күтүлүүдө.
Ошол эле учурда 2021-жылы экономикалык жигердүүлүктүн өтө жай калыбына келүүсүнүн алкагында 2022-жылы салыштырмалуу орточо өсүш арымы болжолдонууда. Отчетто пандемиядан жана саясий окуялардан жабыркаган экономика калыбына келүү үчүн өкмөттөн бир катар реформаларды талап кылаары айтылат.