2021-жылдын III чейрегинде импорттун өсүшү 46%ды түзсө, экспорт 11%га жогорулаган

2021-жылдын III чейрегинде импорттун өсүшү 46%ды түзсө, экспорт 11%га жогорулаган

2021-жылдын III чейрегинде соода балансы импорттук сыяктуу эле, экспорттук операциялардын да өсүшүнүн таасири астында түптөлгөн. Импорттун өсүшү 46.1%ды түзсө, экспорт 10.8%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктын 2021-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда айтылат.

Жыйынтыгында өлкөнүн соода балансынын тартыштыгы 729.9 млн доллар өлчөмүндө түптөлгөн. Тышкы соода жүгүртүү көлөмү 32.8%га жогорулап, 2 млрд долларды түзгөн.

Ал эми 2021-жылдын III чейрегинде акча которуулар көлөмү 2020-жылдагы ушул эле көрсөткүчкө салыштырганда 4.1%га өскөн.
2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча алдын ала алынган маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин профицити 3.7 млрд сомду же ИДПга карата 0.85ды түзгөн.

2021-жылдын сентябрь айынын акырына карата абал боюнча керектөө бааларынын өсүшү өтүп жаткан жылдын башталышынан тартып 6.5%ды түзгөн (жылдык мааниде инфляция 13.5%).

Баалардын өсүшүнө олуттуу салымды азык-түлүк товарлары кошкон, тагыраак айтканда, алардын ичинен төрт түрүнө баалардын жогорулашы өсүштүн негизги бөлүгүн түзгөн: эт, күн карама майы, кант жана нан.

Өтүп жаткан жылдын башталышынан бери топтолуп келген инфляциянын 40%нын көбү жогоруда аталган товарларга баалардын өсүшү менен шартталган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери