1-9-январь күндөрү калкты тейлөө борборлору иштебейт

1-9-январь күндөрү калкты тейлөө борборлору иштебейт

Кыргызстанда 2022-жылдын 1-январынан 9-январына чейин калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Келерки жылдын бекитилген календарына ылайык, 1-январдан 9-январга чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланган. Андыктан өлкө боюнча калкты тейлөө борборлору 10-январдан тартып иштей баштайт.

Бөлүм жарандарды алдыдагы дем алыш күндөрүн эске алуу менен алдын ала даярдалган документтерди каттоо жана кабыл алуу маселелерин бүтүрүп алууну суранат.

Ал эми 31-декабрда бардык калкты тейлөө борборлорунун иш графиги бир саатка кыскарат. Андыктан саат 17:00дө жумуш күнү аяктаарын аталган министрликтен кабарлашты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын билдирди 3 февраля 2023 г.    16:35
Япониянын Muroo Systems Corporation компаниясы Каракөл ГЭСин өз каражатына курууга кызыкдар 3 февраля 2023 г.    16:00
Бишкекте криптовалютанын көмүскө жүгүртүүсүнүн көлөмү күн сайын 10 млн долларды түзөт — Акылбек Жапаров 3 февраля 2023 г.    15:46
Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү 3 февраля 2023 г.    14:19
Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн 3 февраля 2023 г.    14:12
«Манас» аэропортун модернизациялоону эмнеге күмөндүү араб инвесторуна берүүнү көздөшүүдө? 3 февраля 2023 г.    12:28
Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти 3 февраля 2023 г.    11:25
МИК 85 млн сомдук сегиз батирди аукционго коет 3 февраля 2023 г.    10:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери