«Кумтөр» алтынды казуу стратегиясын өзгөрттү – ачык карьердик ыкмасынан жер алдындагы кен иштетүүгө өтөт

«Кумтөр» алтынды казуу стратегиясын өзгөрттү – ачык карьердик ыкмасынан жер алдындагы кен иштетүүгө өтөт

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) алтын камтыган рудаларды экологиялык таза жана экономикалык пайдалуу жол менен казып алуу үчүн «Кумтөр» кенин иштетүү стратегиясын өзгөртүп, ачык карьердик ыкмасынан жер алдындагы кен иштетүү долбооруна акырындык менен өтөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Компаниянын айтымында, жер алдында казып алуу ыкмасы Кыргызстан үчүн экологияга келтирилген зыянды бир топ кыскартууга жана пайдалуу кендерди сарамжалсыз казып алуудан баш тартууга мүмкүндүк берет. Кенди жайды канадалык «Центерра Голд» компаниясы башкарып турган кезде кенди иштетүү ачык жол менен жүргүзүлгөн. Натыйжасында 1 тонна алтын камтыган руданы казып алуу үчүн 41 тоннадан 60 тоннага чейин бош топуракты алуу зарыл болгон. Бул көрсөткүч боюнча КГК тоо-кен компанияларынын арасында дүйнөдө 1-орунда турат деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк орточо кыртыш ачуу коэффициенти руданын бир тоннасына 2 тоннадан 7 тоннага чейинки бош текти түзөт. Мисалы, Түркиядагы Өксүт кенинде бул көрсөткүч бирге экини (1:2) түзсө, Канададагы Маунт Миллиган кенинде бирге бирди (1:1) түзөт. Бул эки ишкана тең «Центерра Голд» компаниясына таандык. «КГК» Канада менен Түркиянын экологиялык талаптары тоо-кен компанияларына жырткычтык жол менен кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол бербестигин билдирет.

Жер алдындагы кен казып алуу ыкмасы алтын камтыган руданы иргеп казып алууга багытталган жана кыртыш ачуу коэффициенти өтө төмөн болот: 1:2 же максимум 1:3 түзөт. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кумтөрдүн жер астындагы рудаларындагы алтындын курамы тоннасына 5 граммдан ашат, башкача айтканда, ачык жол менен казып алуудан дээрлик эки эсе жогору. Кендин жер алдында казып алуунун болжолдонгон жалпы наркы, жер астында казып алуу ыкмасынын операциондук чыгымдары жогору болгондугуна карабастан учурдагыдан төмөн болоору күтүлүүдө.

КГКнын пландарында руданы жер астынан казып алуу долбоору бар болгонун белгилей кетсек, ал долбоор 2008-2012-жылдары ишке киргизилип, бирок кийинчерээк токтотулган. Бул долбоорго дээрлик 180 млн доллар каражаты сарпталган болчу.

«КГК» алтын камтыган руданы жер астында казып алуу долбоорун ишке ашыруу үчүн КГКда жаңы долбоордук бөлүм түзүлдү. Учурда аны жогорку квалификациялуу чет элдик жана жергиликтүү адистер менен толуктоо иши уланууда экенин билдирет.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Студенттердин курстук иштери стартапга айланса өкмөт мугалимдерди 500 долларлык сыйлык менен стимулдаштырууга даяр 7 декабрда 2022 г.    17:40
Жыл башынан бери салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 15.8 млрд сом эсептен чыгарылды 7 декабрда 2022 г.    17:15
Кыргыз-тажик чек арасынын 17.6 км сызыгынын өтүү долбоору даярдалды 7 декабрда 2022 г.    16:45
Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандардын 20 млн сомдук кредиттер жоюлду – Улуттук банк 7 декабрда 2022 г.    16:15
Азия өнүктүрүү банкынан алынуучу $50 млн насыянын баарына Казакстан менен Түркмөнстандын электр энергиясы сатып алынат 7 декабрда 2022 г.    15:45
«Манас» аэропортуна инвестиция жана тез арада учуу тилкесин реконструкциялоо керек – Бекешев 7 декабрда 2022 г.    15:28
«Франшизалар форуму-2022» Кыргызстандагы эң ири форуму болуп 1500ден ашык катышуучуну чогултту 7 декабрда 2022 г.    14:45
«Текстиль Транс» Токмоктогу пахтаны кайра иштетүүчү заводду курууга 100 млн сом тартты 7 декабрда 2022 г.    14:15
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют