«Кыргыз темир жолу» жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын алды

«Кыргыз темир жолу» жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын алды

«Кыргыз темир жолу» ишканасы «Алтайвагон» ААКдан сатып алган жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын алды. Калган вагондор 2022-жылдын биринчи кварталында келээри күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев «Бишкек-1» темир жол станциясында өлкөгө 10 вагондун алынып келишине байланыштуу өткөн иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргыз темир жолу» транспорттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо курамында маанилүү элемент болуп саналаарын айтты.

Анын айтымында, дээрлик бардык жүк ташуу токтотулган пандемия учурунда, «Кыргыз темир жолу» ташуулардын көлөмүн жогорулата алган жана коңшу өлкөлөрдөн жүк транзитин камсыздаган жалгыз ишкана катары саналган.

«Жакынкы жылдары чоң реформалар жүргүзүлөт. Биз Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан жаңы темир жол магистралын куруу долбоору үстүндө иштөөдөбүз, бул ишкананын эл аралык деңгээлге чыгуусуна жана эл аралык жүктөр үчүн транзиттик коридорду камсыздоого мүмкүндүк берет. Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча иштер жүрүүдө», – деди Азиз Аалиев.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды 28 ноябрда 2022 г.    10:50
Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын “Кумтөр” алтыны сакталып турат – Садыр Жапаров 28 ноябрда 2022 г.    9:52
“Сосновка” постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды 28 ноябрда 2022 г.    9:34
«Элсом» китепканачылардын жана кыргыз тилчи мугалимдердин форумуна катышып, колдоо көрсөттү 25 ноябрда 2022 г.    17:58
Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды 25 ноябрда 2022 г.    17:14
Дүйнөлүк банк Баткендин бюджетин жана ишкерлерин колдоо үчүн 25 млн доллар бөлдү 25 ноябрда 2022 г.    16:36
Кыргызстандын бизнеси бюджетке 29 млрд сомдон ашык карыз 25 ноябрда 2022 г.    15:58
Кытайдан Өзбекстанга темир жолдун курулушун изилдөө үчүн кытайлык инженерлер келишти 25 ноябрда 2022 г.    14:56
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют