Бишкек менен Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөр курулат

Бишкек менен Жалал-Абадда УКМКнын кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөр курулат

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында УКМК кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда. Бул тууралуу 18-декабрда президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Президент Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, Башкармалыктар жана өлкөнүн региондорундагы райондук бөлүмдөргө жаңы имараттарды, ошондой эле заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу пландары жөнүндө айтып берди.

«Мамлекет коопсуздук кызматкерлеринин ден соолугуна ар дайым кам көрүшү кажет. Алар үй-бүлөсү үчүн санаа тартпай, бир гана моюнуна жүктөлгөн ишти так аткаргандай болушу керек», — деди Жапаров.

Ал өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кыргызалтын» араб инвесторлору менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады 5 декабрда 2022 г.    12:20
Депутат Дастан Бекешев каржы пирамидаларын түзүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырды 5 декабрда 2022 г.    11:47
Бишкекте Aiym Ishker 2022 форуму өттү 5 декабрда 2022 г.    11:34
Акылбек Жапаров араб инвесторлор менен инвестициялык долбоорлорду ачкычка чейин тапшыруу маселесин талкуулады 5 декабрда 2022 г.    10:44
«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты кредиттик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют