АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алабыз, бирок 1 доза канчадан болот билбейбиз, божомол менен 10 доллардан кем болбойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Жыйында КР менен АӨБ ортосундагы Азия Тынч океан аймагындагы вакцинага жетүү механизми алкагындагы Covid-19га каршы эмдөө жүргүзүүнү колдоо боюнча кредиттик макулдашуунун жана гранттык макулдашуунун долбоору» боюнча баяндама жасаган Улук-Бек Бектурганов депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берди.

«АӨБдөн 25 млн доллар алып жатабыз, анын 12.5 млн кредит, 12.5 млн грант түрүндө берилет. 25 млн долларга 1.7 млн доза вакцина алабыз, бул эки дозалуу, 780 миң адамга жетет», – деди министрдин орун басары. 

Депутат Мамасадык Бакиров эгер акча так бөлүнүп жаткан болсо, вакцинанын 1 дозасы канча сомдон болуп жатканын, эмнеге баасы чечиле электиги тууралуу суроосун берип, кыска мөөнөттүү долбоорду башкарууга 245 миң доллар эмнеге бөлүнгөнүн сурады.

«Ошондо 1 дозасы канча сомдон болуп жатат? 245 миң долларды долбоорду башкарууга деп бөлүптүрсүздөр, эгер вакцинаны сатып алып жатсаңыздар, долбоор кыска мөөнөттүү болсо, эмнеге бөлгөнүңөрдү түшүнгөн жокмун», – деди Бакиров.

Бектурганов вакцинанын баасы азыр чечиле электигин, божомол менен 1 вакцина 10 доллардан кем эмес болоорун айтты. Ошондой эле АӨБдөн берилчү каражатка вакциналар 2022-жылдын аягында келерин билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, азыр калктын 25% гана эмдөөдөн өттү. 6.5 млн адамдан 70%ы эмдөөдөн өтүш керек.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

КР Япония менен тышкы карызын тейлөөнү токтотуу боюнча макулдашты 22 сентябрда 2022 г.    16:31
Куралдуу кагылышуудан кийинки талкаланган Баткен – СҮРӨТТӨР сүйлөйт 22 сентябрда 2022 г.    15:28
Бизнес чөйрөсү накталай эмес сатуудагы салыктын нөлдүк ставкасын узартууну суранууда – ЭИК 22 сентябрда 2022 г.    14:22
Эмгек министрлиги Германияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча макулдашты 22 сентябрда 2022 г.    13:32
Кыргызстанда 15 чет элдик компания “Google салыгын” төлөөгө макул болду 22 сентябрда 2022 г.    12:58
«Манас» бажысы Дубайдан мыйзамсыз келе жаткан 15 даана Iphone 14 PRO маркасындагы телефондорду алып койду 22 сентябрда 2022 г.    12:49
Аскердик кызматка келишим түзүүгө мажбур кылышат – Валентина Чупик мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү 22 сентябрда 2022 г.    12:40
Ошко 5 миңден ашык баткендик жаран жайгашты 22 сентябрда 2022 г.    11:46
Все новости
НБ КР
USD 81.19
EUR 80.39
RUB 1.32
Моссовет
USD 82.91
EUR 82.99
RUB 1.37

Конвертер валют