Жер салыгынан бошотуудан үч жылда бюджетке 1 млрд сом түшпөй калат

Жер салыгынан бошотуудан үч жылда бюджетке 1 млрд сом түшпөй калат

Дыйкандарды жер салыгынан бошотуудан 3 жылда орточо эсеп менен 1 млрд сом бюджетке түшпөй калат. Бул туурасында Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов «Марал» радиосуна билдирди.

Анын радиого берген маалыматына таянсак, бул жарлык түздөн-түз 349 дыйкан-фермердик чарбага, 328 айыл чарба кооперативине, 206 үрөн чарба жана асыл тукум чарбаларга тиешелүү болот.

«Жылына жалпы жер салыгынан 320 млн сом бюджетке түшүп турчу, ошондо 3 жылда орточо 1 млрд сом бюджетке түшпөй калат», – деди ал.

Эскерте кетсек, 6-декабрда президент Садыр Жапаров дыйкандарды жер салыгынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышты 16 сентябрда 2022 г.    16:18
Президенттик аппарат жана Садыр Жапаров Баткендеги согуштук аракеттерге бир суткадан бери реакция кыла элек 16 сентябрда 2022 г.    15:44
«МЭА» ААК: «Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болгон жок 16 сентябрда 2022 г.    15:36
MegaCom Баткендин тургундарын акысыз байланыш менен камсыздайт 16 сентябрда 2022 г.    15:00
Баткенди колдоо максатында Бишкекте гуманитардык жардам чогултуу пунктары ачылды – ДАРЕКТЕРИ 16 сентябрда 2022 г.    14:52
Аэропорттун тегереги жана Баткен шаарындагы кээ бир имараттар күйүп жатат 16 сентябрда 2022 г.    14:43
Баткен: ӨКМ убактылуу пунктарда жарандарды биринчи керектелүүчү азыктар менен камсыздап жатат 16 сентябрда 2022 г.    13:56
Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши ооруканага түштү – жалпы 31 адам 16 сентябрда 2022 г.    13:50
Все новости
НБ КР
USD 81.05
EUR 80.98
RUB 1.35
Моссовет
USD 82.40
EUR 83.29
RUB 1.38

Конвертер валют