12 кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен билим алышты

12 кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен билим алышты

Эң мыкты кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен окууну аяктап жатат.

Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы (ПККИКА/КАРПОУ/KSSDA) АКШдан менторлор менен эки жумалык онлайн тренингдин жыйынтыгын чыгарууда. Окутуучулар катары Кремний өрөөнүнүн стартап акселератору болгон US Market Access Center дин (USMAC) негиздөөчүлөрү – Крис Берри, Альфредо Коппола жана алардын командасы чакырылган.

Бүгүнкү күндө бул эксперттер 1600дөн ашуун стартаптарга дүйнөлүк рынокко чыгууга жардам беришти. Ал эми Крис Берринин бир долбоордон сатыгы 1.3 млрд долларге теге теңелген. Мындан тышкары, менторлор чет элдик өкмөттөргө стартап-коомчулукту бекемдөөгө жардам бергени менен белгилүү. 

29-ноябрда башталган bootcamp окуусунан кийин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекистандан стартапчылар Кремний өрөөнүнөн инвестиция жана венчур капиталы тармагынан эксперттер менен түздөн-түз таанышып, IT-индустриянын дүйнөлүк тренддерин жана ийгиликтүү бет ачар өткөрүүнү үйрөнүштү, продуктту масштабдоо жөндөмдөрүн алышты.

Жалпысынан эксперттер КАРПОУ долбооруна Борбор Азиядан 16 стартап тандап алган, алардын 12си кыргызстандыктарга таандык.

Иш-чара 2021-ж. 9-декабрда Ololo ко-воркинг борборунда, Асанбай микр. 27/1 дареги боюнча өтөт. Башталышы 19:15.

ПККИКА Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын долбоору Strategeast жана USMAC менен өнөктөштүктө, АКШнын КРдагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.  

  • ПККИКА – бул Кыргызстанда бирдиктүү IT-коомчулукту уюштуруп, аны коргоо жана сектордун катышуучуларынын кызыкчылыктарын илгерилетүү менен дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга колдоо көрсөткн өлкөдөгү алгачкы IT-ассоциация.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты — Head Hunter 1 февраля 2023 г.    10:04
Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү 1 февраля 2023 г.    9:48
Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти 1 февраля 2023 г.    9:24
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери