Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда өзүнүн Фейсбук баракчасында дыйкандар жер салыктарынан бошотулаары жана аларга 6%дык кредиттер берилээри тууралуу жазды.
Президенттин айтымында, бүгүн ал айыл-чарбасына байланыштуу жарлык чыгарган. Бул жарлыка ылайык дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулушат.
«2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6% менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз», – деди ал.
Жапаров негизги максат дыйкандарга шарт түзүп, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу экендигин белгилеген. Ал буга чейин жерлердин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келгендигин, мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керектигин айтат.
«Жергиликтүү бийликтегилер, айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. «Айыл банк» жана «РСК банк» менен тыгыз иштей баштаңыздар», – деди ал.