БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда

БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда

Бүгүн БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор кайра шайлоо өткөрүүнү жана шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүүнү талап кылышууда.

Анда «Ата Мекен» партиясынан талапкер Клара Сооронкулова кечээ, 8 партия шайлоону тааныбоо боюнча меморандумга кол койгонун билдирди. 

«Ошондой эле шайлоо босогосун 5%дан 3%га  түшүрүүнү талап кылып жатабыз. Биз өткөн шайлоодо бул үчүн күрөшкөнбүз. Министрлер кабинети жана БШК мүчөлөрү кызматтан кетиши керек. Кол менен эсептөө узакка созулган сайын, ишенбөөчүлүк күчөп жатат. Бийлик маселени чечпей эле, күчөтүп жатат. Азыр аянтта антимитинг уюштуруп жатыптыр. Толтура аскерлерди да алып келип жатышат экен. Бул карама-каршылыкты күчөтөт. Биз меморандумга кол койгон партиялар шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз», – деди Сооронкулова.

Эске сала кетсек, шайлоонун эртеси айрым партиялар кайра шайлоо дайындоо талабы менен митингге чыгышкан. Алар бийликке чечимди жарыялоого эки күн убакыт беришкен болчу.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Доллардын курсу 85-86 сом деңгээлинде кармалууда – бирок акча алмаштыруу жайларында валюта жок 7 декабрда 2022 г.    12:45
ЖК депутаттары «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы ишканалрдын ишмердүүлүгү менен таанышты 7 декабрда 2022 г.    12:16
Мамлекеттик карызды тейлөөгө 30.6 млрд сом жумшалды – Каржы министрлиги 7 декабрда 2022 г.    11:45
Жерүй 2022-жылды ийгиликтүү аяктады – Алтын өндүрүү 30%га өстү, салык төлөмдөрү 209 миллион долларга жетти 7 декабрда 2022 г.    11:25
Тогуз айдын ичинде «Бишкек» ЭЭА аркылуу 1.7 млрд сомго инвестиция тартылган 7 декабрда 2022 г.    11:15
Салыктын катаалданышынан улам «Бишкек» ЭЭАнын резиденттеринин саны төрт эсеге кыскарды 7 декабрда 2022 г.    10:56
Улуттук банк суроо-талапты кандыруу үчүн валюта рыногуна $59.5 млн сатты 7 декабрда 2022 г.    10:20
«Улуу көчмөндөр мурасын» жоюусуна 650 млн сом сарпталат 7 декабрда 2022 г.    10:01
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют