Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта мамлекет тарабынан убактылуу тышкы көзөмөл киргизилген Кумтөр кенинен кыйла чоң киреше күтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүдөн кийин билдиргенин 24.kg жазды.
«Алтынды казып жатабыз, салык түшүп жатат. Жылдын аягына чейин чоң киреше алабыз», – деди Жапаров.
Ал ошондой эле тышкы менеджер Теңиз Бөлтүрүктүн кендеги ишмердигине токтолуп, анын командасы натыйжалуу иштеп жатканын билдирди.
Kloop.kg сайтынын маалыматына караганда, жыл аягында Жапаров иштин бардык жыйынтыктары камтылган отчет берүүнү убада кылган.