Саат 16:30 карата шайлоочулардын 22% добуш беришти

Саат 16:30 карата шайлоочулардын 22% добуш беришти

Саат 16:30 карата республика боюнча шайлоочулардын 22%ы добуш беришти. Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунан жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Аймактар боюнча добуш берүү активдүүлүгү боюнча Ош, Талас, Нарын облустары алдыңкы сапта турат. Эң төмөн көрсөткүчтү Сокулук району берди.Чет өлкөлөрдө дагы саясий өнөктүк өз нугунда уланууда.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют