Чет өлкөдөгү 84 миң шайлоочунун 4.7 миңи гана добуш берди

Чет өлкөдөгү 84 миң шайлоочунун 4.7 миңи гана добуш берди

Чет өлкөдөгү шайлоо участкаларында катталган шайлоочулардын 5% гана добуш берген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чет өлкөдөгү шайлоочулардын акыркы тизмесине 84 миң 128 кыргызстандык кирди. Ошол эле учурда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00гө карата жалпы шайлоочулардын саны 4689 адамды түздү.

КРнын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү штаттык режимде ишин улантууда. Жалпысынан шайлоо процесси тиешелүү деңгээлде жүрүп жатат. Жабдуулардын техникалык бузулушуна байланыштуу айрым учурлар катталып, алар жоюлганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын чыгындысын 44% кыскартат – Акылбек Жапаров 8 декабрда 2022 г.    17:50
Израилдик Biofarmax Group LTD Кыргызстанга фармацевтикалык заводду куруп берет 8 декабрда 2022 г.    17:22
ЕАЭБ алкагындагы жалпы фармацевтикалык рынокту уюштуруу сунушталды 8 декабрда 2022 г.    16:50
Кыргызстан менен Орусия микроэлектроника тармагын өнүктүрүү жаатында меморандумга кол коюлду 8 декабрда 2022 г.    16:20
Кыргызстан кремний продукциясын өндүрүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар – Амангелдиев 8 декабрда 2022 г.    15:50
Мамлекеттин балансына 1.2 км темир жолу кайтарылды – Башкы прокуратура 8 декабрда 2022 г.    15:20
Кыргызстана иш сапары менен Кытайдын вице-премьер-министри Ху Чуньхуа келди 8 декабрда 2022 г.    14:50
Кыргызстан ЕАЭБ мейкининде түз инвестициялык фондду түзүүнү сунуштады 8 декабрда 2022 г.    14:20
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют