Баткен: саат 16:00гө карата шайлоочулардын 23% добуш берди

Баткен: саат 16:00гө карата шайлоочулардын 23% добуш берди

Баткен облусунда саат 16:00гө карата шайлоочулардын 23%ы добуш берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун аймагында саат 16:00гө карата шайлоого 71 миң 316 шайлоочу катышып, бул жалпысынан 23%ды түздү. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 69 миң 30 шайлоочу добуш берди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют