Учурда Кыргызстан импортко көз каранды абалга туш болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаров КРнын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди.
Президенттин айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, КР өзүнүн өнүмү менен эң аз дегенде өлкөнүн керектөөсүн 80%га камсыз кыла алса, оптималдуу деңгээлге чыгат.
«Азыр өлкө критикалык абалда турат. Азык-түлүк калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш. Биз нан, кум шекер, жумуртка менен 40%ын, өсүмдүк майы менен керектөөнүн 20%ын гана камсыз кыла алат экенбиз», – деди.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров жай айларындагы кургакчыл мезгили түшүмгө терс таасир тийгизгенин да белгилеп, сугат иштери убагында туура уюштурулбагандыгын айтып, Чүй облусунун өкүлчүлүгүнө, Айыл чарба министрине сөгүш жарыялады.
«Дыйкандар митингге ызылдап чыкканда гана барып маселени чечтиңер. Суунун башындагылар насос менен сордуруп алат экен да, суу аягына жетпей калат экен. Ушундай маселердин баарын кышында эле карап башташ керек болчу», – деди президент.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чүй өрөөнүн суу менен камсыздоо үчүн 1-марттан тарта Кеминде каналдын курулуш иштери башталаарын, ага 53 млн доллар каржылоо бар экендигин айтты.