Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды – ал кандай иш алпарат?

Бишкекте Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды – ал кандай иш алпарат?

Бишкек шаарында ишкерлерди колдоо максатында Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирди. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

ИТБда Бишкек шаарындагы ишкерлер тез жана толук кандуу кеп-кеңештерди жана кызматтарды алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Кайсы органдар иш алпарат?

Тейлөө борборунда Салык кызматы менен биргеликте 9 мамлекеттик орган иш алпарат:

  • Юстиция министрлиги
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги
  • Бажы кызматы
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
  • Кыргызпатент
  • Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги
  • Баалуу металлдар департаменти
  • Тышкы миграция департаменти
  • «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасы
  • Тышкы соода борбору жана Ишкердикти өнүктүрүү фонду,
  • Кепилдик фонду
  • Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы
  • «Айыл Банк», «Керемет Банк», «РСК Банк» сыяктуу мамлекеттик уюмдар ишкерлерге кызмат көрсөтөт. 
Кандай кызматтар көсөтүлөт?

Бул жерде ишкерлер консультациялардын ар кандай түрлөрүн жана мамлекеттик жана башка кызматтардын бир нече тобун алуу мүмкүнчүлүгү бар. Атап айтканда:

– юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү, жеке ишкерлерди каттоо, кайра каттоо, ишин токтотуу

– салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду, эсептөөлөрдү жана декларацияларды берүү

– салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бажы төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды алууга, банктык эсепти ачууга

– лицензияларды жана уруксаттарды алуу

– укукту, укук белгилөөчү документтерди, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөрдү, ведомстволук базаларды алуу

– ишкердикти ачуу жана жүргүзүү, продукцияны экспорттоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу маселелери боюнча маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүлөр

– финансы-кредиттик кызматтар, камсыздандыруу маселелери боюнча камсыздандыруу уюмдары, насыялоо, лизинг операциялары жана Кепилдик фонддун консультациялары. 

Ошондой эле, шаарда каалаган ишкер телефон аркылуу Борбор менен байланышып, консультациялык колдоо ала алат.

Кызмат көрсөтүүдөн тышкары, бизнес жолугушууларды же окутуучу семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү үчүн натыйжалуу пайдалануу үчүн толугу менен жабдылган жана 40 орунга ылайыкталган конференц-залдан  пайдалана алышат

Борбордун ачылышы менен Бишкек шаары салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана бажы төлөмдөрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткаруусу болжолдонууда. Бишкек шаарында 71.3 миң кичи жана орто бизнес субъекттери иштейт, анын ичинен 13.3 миңи юридикалык жактар, филиалдар, өкүлчүлүктөр, 58 миңи жеке ишкерлер. 

  • Мындай борборлорду республиканын бардык аймактарында ачуу пландалууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү 31 января 2023 г.    17:30
БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди 31 января 2023 г.    16:48
Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат 31 января 2023 г.    16:30
Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар 31 января 2023 г.    16:00
Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет — кол коюлду 31 января 2023 г.    15:18
Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди 31 января 2023 г.    14:40
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери