Быйыл 2020-жылга салыштырмалуу 29.3 млрд сомго көп салык чогултулган

Быйыл 2020-жылга салыштырмалуу 29.3 млрд сомго көп салык чогултулган

2021-жылдын 25-ноябрына карата Салык кызматы 94.2 млрд сом чогултуп, планды 102.5%га аткарган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Каржы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Ал белгилегендей, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык чогултуу 29.3 млрд сомго, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 22.3 млрд сомго көбөйгөн.

«Пландын ашыкча аткарылышы башкарууну жана талдоону жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарында мониторинг жүргүзүү жана бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштерге байланыштуу. ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн алкагында кыйыр салыктарды башкаруу да роль ойноду», – деди Абдувапов.

Жыл башынан бери ЕАЭБ алкагында импорттон бюджетке 29.3 млрд сом кыйыр салык түшкөнү, бул былтыркыдан 8.6 млрд сомго көп экендиги белгиленди.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют