Электр энергиясын дүңүнөн алуучулар белгиленген чектен ашык колдонууда

Электр энергиясын дүңүнөн алуучулар белгиленген чектен ашык колдонууда

23-ноябрга карата «Электросила», «Энерготехсервис», «Глобал Энержи» ЖЧК сыяктуу электр энергиясын дүң сатып алуучуларынын суткалык керектөөлөрү КР өкмөтүнүн токтому менен белгиленген электр энергиясын керектөө чегинен ашып кеткен. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек шаары боюнча «Электросила» ЖЧКсы тарабынан суткалык керектөө 559.4 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 853.2 миң кВт саатты, «Энерготехсервис» ЖЧКсынын суткалык керектөө планы 180.2 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 314.7 миң кВт саатты, Чүй району боюнча «Глобал Энержи» ЖЧКсынын суткалык керектөө планы 150.0 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 192.8 миң кВт саатты түзгөн.

Ошондой эле «КУЭТ» ААК Кыргызстандын энергетика системасында өндүрүштүн жана электр энергиясын керектөөнүн балансын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суу ресурстары жана кечки максималдуу жүктөө сааттарында электр энергиясынын олуттуу жетишсиздигине байланыштуу бардык керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана жылуулук үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырат.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Банктардын кредиттик портфелинде жыл башынан бери доллардын көлөмү 12%га кыскарды 28 ноябрда 2022 г.    10:50
Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын “Кумтөр” алтыны сакталып турат – Садыр Жапаров 28 ноябрда 2022 г.    9:52
“Сосновка” постунда жасалма акциздик маркалары менен 4 миң бөтөлкө алкоголь кармалды 28 ноябрда 2022 г.    9:34
«Элсом» китепканачылардын жана кыргыз тилчи мугалимдердин форумуна катышып, колдоо көрсөттү 25 ноябрда 2022 г.    17:58
Садыр Жапаров коррупцияны азайта албаганын мойнуна алды 25 ноябрда 2022 г.    17:14
Дүйнөлүк банк Баткендин бюджетин жана ишкерлерин колдоо үчүн 25 млн доллар бөлдү 25 ноябрда 2022 г.    16:36
Кыргызстандын бизнеси бюджетке 29 млрд сомдон ашык карыз 25 ноябрда 2022 г.    15:58
Кытайдан Өзбекстанга темир жолдун курулушун изилдөө үчүн кытайлык инженерлер келишти 25 ноябрда 2022 г.    14:56
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют