Эми эки коммерциялык банк кардарларын «Түндүк» системасы аркылуу тейлей алат

Эми эки коммерциялык банк кардарларын «Түндүк» системасы аркылуу тейлей алат

«Бай-Түшүм» жана «Халык Банк Кыргызстан» кардардын макулдугу менен тигил же бул банктык кызматты көрсөтүү үчүн керектүү маалыматтарды жана сертификаттарды «Түндүк» системасы аркылуу аралыктан сурай алышат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мисалы, тез арада кредит алуу үчүн, кардар ар кандай мамлекеттик органдарга барып убара болбой эле, банктын кеңсесинен эле маалымкаттарды, документтерди чогултуп, жумушун бүтүрө алат.

Айрым акы төлөнүүчү суроо-талаптарды кошпогондо, кызмат акысыз. Берилген маалыматка караганда, керектүү маалымкаттарды жана документтерди мамлекеттик жана муниципалдык органдардан түздөн-түз банктын кеңсесинен алуу мүмкүнчүлүгү банктык жана финансы-кредиттик уюмдарды «Түндүк» порталына кошуу аркылуу ишке ашырылат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют