Быйыл Кыргызстанда түшүм кандай болду? – сандар сүйлөйт

Быйыл Кыргызстанда түшүм кандай болду? – сандар сүйлөйт

Быйыл дан эгини былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз жыйналды. Бул тууралуу Улустаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата берилген маалымат боюнча, дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынган.

Бир млн тоннадан ашык эгин жыйналып, былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз бастырылды.

Аба ырайынын кургакчыл болгондугуна байланыштуу түшүмдүүлүк төмөндөп, бир гектардан орто эсеп менен 11.3 центнерден гана алынды. Дүң жыйым 21 700 тоннаны түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 200 тоннага аздык кылат.

Ал эми аномалдуу ысык температурадан тышкары, сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттаган. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын дүң жыйымы – 42.1%га, арпанын – 48.7%га, бакча өсүмдүктөрү – 14.6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 6.5%га, картошка – 5%га жана жашылчанын түшүмү – 1.6%га кыскарды.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарынын чыгындысын 44% кыскартат – Акылбек Жапаров 8 декабрда 2022 г.    17:50
Израилдик Biofarmax Group LTD Кыргызстанга фармацевтикалык заводду куруп берет 8 декабрда 2022 г.    17:22
ЕАЭБ алкагындагы жалпы фармацевтикалык рынокту уюштуруу сунушталды 8 декабрда 2022 г.    16:50
Кыргызстан менен Орусия микроэлектроника тармагын өнүктүрүү жаатында меморандумга кол коюлду 8 декабрда 2022 г.    16:20
Кыргызстан кремний продукциясын өндүрүү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар – Амангелдиев 8 декабрда 2022 г.    15:50
Мамлекеттин балансына 1.2 км темир жолу кайтарылды – Башкы прокуратура 8 декабрда 2022 г.    15:20
Кыргызстана иш сапары менен Кытайдын вице-премьер-министри Ху Чуньхуа келди 8 декабрда 2022 г.    14:50
Кыргызстан ЕАЭБ мейкининде түз инвестициялык фондду түзүүнү сунуштады 8 декабрда 2022 г.    14:20
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют