КРнын бюджети 9 айда 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды

КРнын бюджети 9 айда 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды

Тогуз айда мамлекеттик бюджет 3.7 млрд сомдук профицит менен аткарылды. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында тескерисинче, 15.6 млрд сомго тартыштык болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 145 млрд сомдон ашкан, бул 2020-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 43 млрд сомго көп. Салык кирешелери былтыркыга салыштырмалуу 107 млрд сомду (+ 34 млрд сом), ал эми салыктык эмес кирешелер 32 млрд сомду (+ 10 млрд сом) түздү.

Жалпы чыгымдар болсо 23 млрд сомго көбөйүп,  142 млрд сомду түздү.

Жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин негизги каражаттары төмөнкү багыттарга жумшалган:
  • эмгек акы – 52 млрд сом же жалпы чыгашалардын 36%
  • социалдык жөлөкпулдарды төлөө – 26 млрд сом же 18%
  • финансылык эмес активдерди сатып алуу – 25 млрд сом же 17%
  • товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана пайдалануу – 16 млрд сом же 11%
  • гранттар – 11 млрд сом же 8%
  • пайыздарды төлөө – 7 млрд сом же 5%
  • субсидияларды берүү – 4 млрд сом же 3%

Жыл башынан бери эмгек акыга былтыркыга салыштырмалуу 7 млрд сом, субсидияларды берүүгө — 1.7 млрд сом, социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө  — 1.5 млрд сом, дары-дармек сатып алууга жана медициналык буюмдар, ошондой эле гранттарга — 1.4 млрд сом, пайыздарды төлөөгө — 1.3 млрд сом көп жумшалган.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Кыргызстандык ишкерлер Германияда дагы үч жыл стажировкадан өтө алышат 1 декабрда 2022 г.    15:57
Кыргызстанда 673 ААК жана 550 ЖАК бар 1 декабрда 2022 г.    15:06
Бишкекте беш бизнес борбору бар AЭФБ «Астананын» аналогун курууну көздөшүүдө 1 декабрда 2022 г.    14:09
Сауд Арабиялык бизнес-делегация «Аман-Гринфуд», «Аква Пром», «Торо» жана «Шоро» компанияларына барды 1 декабрда 2022 г.    11:54
КРда текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кыргыз-корей борборун түзүүгө 8 млн доллар салынышы мүмкүн 1 декабрда 2022 г.    11:35
Ош базардагы “Берекет” ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда 1 декабрда 2022 г.    11:12
ЕРӨБ Кыргызстанга темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 12 млн доллар берет 1 декабрда 2022 г.    10:40
Кийинки жылы жеңилдетилген ипотекага 15 кабаттуу үйлөр курулуп баштайт 1 декабрда 2022 г.    9:56
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют