Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму башталат. Анда Борбор Азия аймагындагы бизнес жана инвестиция маселелери талкууланат.
Ошондой эле жашыл экономика, санариптештирүү, туруктуу ишкер чөйрөнү түзүү, коронавирус пандемиясы пайда кылган социалдык-экономикалык каатчылыкты биргелешип жеңүү маселелери дагы каралат.
Форумга 250дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ишкердин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү келди. 2019-жылы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык платформа түзүү макулдашылган.