«Манас» аэропортунун акциялары бир жумада 25%га кымбаттады, тагыраак айтканда, бир акциясы 400 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 1-ноябрда Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Бул эмнеге байланыштуу экенин Economist.kg басылмасына КФБнын маалымат берүү бөлүмүнүн башчысы Ирина Иванова айтып берди. Эксперттин айтымында, күз айларында фондулук рынок салттуу түрдө активдешип, акцияларга суроо-талап күчөйт, андыктан компаниялардын дивиденддик саясаты боюнча болжолдорду айтып баштоого болот.
«Ушул күндөрү «Манас» аэропортунун 2021-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча отчету чыгыш керек. Экинчи кварталда «Манас» аэропортунун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу таза кирешеси үч эсеге өскөнүн эске алсак, катышуучулар жакшы жыйынтыктарды күтүп жатышат деп ойлойм», – деди ал.
Кошумчалай кетсек, «Манас» аэропортунун акциялары башка стратегиялык инструменттердин арасында дайыма чоң суроо-талапка ээ болуп келет.
Белгилей кетсек, буга байланыштуу КФБнын индекси жана капитализациясынын өсүүсү уланууда. Бүгүнкү күндө Кыргыз фондулук биржасынын индекси 1123.43 пунктту, капиталдаштыруу 39 млрд сомду түздү.
Сентябрдын башында «Манас» аэропортунун баалуу кагаздарынын наркынын өсүшү байкалган. Андан кийин бир акциясы 330 сомдон 350 сомго чейин көтөрүлгөн. Буга туристтик сезондун ийгиликтүү өткөнү, ошондой эле окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылганы себеп болгон.
Мурдагы жумадагы сооданын жыйынтыгы боюнча акциялардын баасы 400 сомго жетсе, өткөн аптада баалуу кагаздардын баасы дагы 100 сомго кымбаттады.