Энергокризис: Эксперт калкты кымбат тарифге кызыкдырыш үчүн эмне кылуу керектигин айтты

Энергокризис: Эксперт калкты кымбат тарифге кызыкдырыш үчүн эмне кылуу керектигин айтты

Республикадагы дээрлик бардык электр энергиясы (60%) тиричилик керектөөчүлөргө кетет. Бул Кыргызстанда электр энергиясы социалдык мааниге ээ продукт болуп саналат дегенди билдирет, ошондуктан тариф маселеси дайыма көйгөй жаратып келет. Бул тууралуу «Юнисон Групп» компаниясынын президенти жана Кыргызстандагы Туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) менеджери Нурзат Абдырасулова «Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыга алат?» аттуу тегерек столдо билдирди.

Абдырасулованын айтымында, энергетикалык кризистен чыгуу үчүн социалдык тармакты, жеке соодагерлерди, тиричилик керектөөчүлөрдү бул тармакка тартуу абдан маанилүү.

«Бул бир жагынан, күн панелдерин [үй-тиричилик керектөөчүлөрү] тамдарынын башына орнотуп, башка өлкөлөрдөгүдөй эле электр тармагына кошулуп, сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондо алар бул рыноктун бир бөлүгү болуп калышат да, алар электр энергиясынын тарифтери жогору болушуна кызыкдар болушат», – деди ал.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют