Биз базар экономикасы тууралуу көп сөз кылабыз, бирок ошол эле кезде СССРдин эски административдик ыкмаларын колдонуп жатабыз. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда «Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыга алат» аттуу тегерек столдо Энергетика тармагынын ишкерлер биримдигинин өкүлү Кубан Ибраев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан энергетика тармагында жөнгө салуунун рыноктук ыкмаларына өтүшү керек.
«Баягы эле электр энергиясын кантип үнөмдөсө болот? Дифференциалданган тарифти колдонуу менен гана, анткени мындай тариф эл чөнтөгүнө жараша электр энергиясын канча керектесе болорун тандоого мүмкүндүк берет», – деди Ибраев.
Эксперт тарифтер темасына да токтолуп, электр энергиясынын баасы акыркы керектөөчүгө жеткиче 1.48 сомду түзөрүн, бирок тарифтер энергокомпаниялардын чыгымын актабай тургандыгын жана ал бюджеттин тартыштыгын жаратып жаткандыгын да белгилеп өттү.
«Алардын тапкан каржылык каражаттары оңдоп-түзөө иштерине жана тейлөөгө жетпейт. Система дагы эле чыдап иштеп жатат, бирок бул акыры масштабдуу кыйроого алып келиши мүмкүн», – деп кошумчалады ал.