Бир жылда эттин баасы 22%га кымбаттады

Бир жылда эттин баасы 22%га кымбаттады

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда эттин чекене баасы бир жылда 22%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн 18 калктуу конушунда негизги социалдык мааниге ээ болгон товарлардын орточо керектөө бааларынын мониторингинин жыйынтыгында билдирди.

Республика боюнча уйдун этинин 1 кг орточо баасы 478.1 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 77.9 сомго же дээрлик 20%га өскөнүн, ал эми койдун этинин баасы 484.7 сомду түзгөнүн жана 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 25%га өскөнүн көрсөттү.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу  уйдун этине болгон баалардын олуттуу жогорулашы 26.3%га Каракол жана Нарын шаарларында катталды.  Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү  Кербен (31.6%), Токмок (29.7%) шаарларында жана Чаек айылында (28.6%) катталды.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют