2022-жылдан баштап блогерлер менен интернет-дүкөндөр салык төлөп башташат

2022-жылдан баштап блогерлер менен интернет-дүкөндөр салык төлөп башташат

2022-жылдан баштап блогерлер менен интернет-дүкөндөр салык төлөп башташат. Эскерте кетсек, сунушталып жаткан Салык кодексинин жаңы редакциясы «Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык» деген берене менен толукталды. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, ал Жаңы жылдан тартып күчүнө кирет.

Аталган мыйзам интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат. Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.

Адистердин билдирүүсү боюнча бул эки топко бөлүнөт. Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (КНС, 12%) төлөйт.

Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилген, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10%дык ставка менен киреше салыгын төлөйт.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда – ИИМ 19 сентябрда 2022 г.    14:47
Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар – президент элге кайрылды 19 сентябрда 2022 г.    13:35
ӨКМ Баткендеги куралдуу кагылышуудан канча объект жабыркаганын билдирди 19 сентябрда 2022 г.    12:38
Энергетиктер Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүүнү улантышат 19 сентябрда 2022 г.    11:48
Баткен облусунун жабыркаган тургундарына жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 26 млн сомдон ашык каражат түштү 19 сентябрда 2022 г.    11:30
КР менен Тажикстандын ИИМ өкүлдөрү чек ара тилкесин күнү-түнү биргелешип күзөтүшөт 19 сентябрда 2022 г.    10:59
Баткендеги куралдуу кагылыштан шейит болгондордун саны – 59 , жараат алгандардын саны 163кө жетти 19 сентябрда 2022 г.    10:26
ӨКМ: Баткенде 136 миң жаран коопсуз жайга эвакуацияланды, жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди 19 сентябрда 2022 г.    9:52
Все новости
НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 82.55
EUR 83.29
RUB 1.37

Конвертер валют