«Бакубат Талас» фонду жана БУУнун азык-түлүк программасы Таласта жаңы өндүрүштү ишке киргизди

«Бакубат Талас» фонду жана БУУнун азык-түлүк программасы Таласта жаңы өндүрүштү ишке киргизди

Талас облусунун жашоочусу ишкер Гүлмира Базарбаева БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана «Бакубат Талас» фондунун колдоосу менен Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын каржылоосу астында Таластын төө буурчагын жана мөмө-жемиш пастасын кайра иштетүүчү цех ачкан.

Жогоруда аты аталган эки донор өндүргөн азыгын Россия менен Казакстанга экспорттоп баштаган бул цехтин ишке киришинде негизги ролду ойноду.

Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айыл өкмөтүнөн жеке ишкер Гүлмира Базарбаева дүйнөлүк «Азык-Түлүк» программасына долбоор жазып, натыйжада, Жапон элинин финансылык колдоосу менен 1.7 млн  сомго төө бурчак жана жергиликтүү мөмө жемиштерден жасалуучу продукцияны чыгарууга жабдыктар алынып келинген.

Цехти толук кандуу кубаттууулукта иштетүү үчүн жетишпеген айрым жабдыктарын сатып алууга «Бакубат Талас» фонду 200 миң сом кайтарымдуу каражат бөлгөн. Бул акчага компрессор, автоклав аппаратына таза суу куюуга фильтр жана даярдалган продукцияны таңгактоочу аппарат сатылып алынган.

Аталган цех ишке берилип, бүгүнкү күндө туруктуу 20 адам иш менен камсыз болгон. Цех күнүнө 250-300 литр төө буурчак, мөмө-жемиш пасталарын чыгарат. Бир айда 6 тоннадан ашык өндүрүлгөн азык Казакстан, РФ жана ички рынокко сатыкка чыгарылууда.

Ишкер Гүлмира Базарбаева Бакыян айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыздап, аларга жардам берип келет. Ал эми Япония малекетинин JICA программасынын «Бир айыл – Бир продукт» долбоору продукцияларды чыгарууга жана цехте иштеген жумушчуларды окутууга колдоо көрсөтүп келет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
1-апрелге чейин – юридикалык жактар, 1-майга чейин – жеке жактар Салык органдарына отчет бериши керек 30 января 2023 г.    12:07
Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг 30 января 2023 г.    11:25
Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек 30 января 2023 г.    10:10
Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду 30 января 2023 г.    9:51
Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат 30 января 2023 г.    9:35
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери