Кыргызстанда 2021-жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду (азыркы алмашуу курсу боюнча 75 доллардан бир аз көбүрөөк) түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1158 сомго (14 доллар) же 22%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялаган.
Жашоо минимумунун наркы республиканын бардык аймактарында өстү. Өлкөдө жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда катталган. Андан кийин Бишкек менен Ош турат.
Аймактардагы жашоо минимуму
(адам башына орточо эсеп менен алганда, айына сом менен)