Бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өтүп жатат.
Жапаров бир жыл ичинде аткарылган иштери боюнча баяндама берип жатып, экономика боюнча бир канча суроолорго жооп берип кетти.
Пезиденттин берген маалыматына ылайык:
- «Кумтөрдө» 20-25 жылдык запас бар, кен элге иштейт, бул боюнча кепилдик берилет
- Бюджетке салыктын эсебинен 12 млрд каражат түшөт
- Кепилдик фондун капиталдаштырууга – 2 млрд сом, ишкерлерге кепилдикке – 1.1 млрд сом, ишкерлерге насыя катары – 3.6 млрд сом бөлүндү. 680 ишкер 1 млрд сом жеңилдетилген насыя алган
- 2020-жылы бюджетти колдоого тыштан 357 млн доллар түшкөн, быйыл алынган жок
- 353 жаңы ишкана ачылып, 42 776 жаңы жумуш орундары түзүлдү
- 2019-жылдын тогуз айында мамлекеттик казынага 97.8 млрд сом, 2020-жылы 90.2 млрд сом болсо, 2021-жылы 129 млрд сом киреше кирген.