Бишкек шаарынын Ленин районунун күзөт бөлүмү мамлекеттик сатып алуу порталында АИ-92 бензининин 10 миң литрин 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга жарыялаган тендердин баасы тууралуу комментарий берди.
Эске салсак, ИИМдин мамлекеттик атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Бишкектеги Ленин районунун күзөт бөлүмү АИ-92 бензининин 10 миң литрин 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга 15-октябрда тендер жарыялаган. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган болчу.
Economist.kg аталган бөлүм кантип 1 литр күйүүчү майга 284 миң сом төлөй тургандыгын билүү үчүн Ленин районунун күзөт бөлүмүнө кайрылды.
Аталган бөлүмдүн улук инспектору Курал Баймырзаевдин айтымында, жазылган баа туура эмес кетип калган жана күнөө сатып алуулар порталында.
«Биз маалымат жарыялангандан 1 саттан кийин эле өзгөртүү киргизгенбиз, бирок мамлекеттик сатып алуулар порталында ал сан өзгөрбөй тура берет экен. Биз АИ-92 бензининин 10 миң литрин 58.5 сомдон 585 миң сомго эле сатып алууну эле көздөп жатканбыз», – деди ал.
Техникалык ката кантип кетти, 2 млрд 840 млн сом менен 585 миң сомдун айырмасы чоң болуп турат, кошумча, анчалык деле окшош сандар эмес го деген сурообузга «артында нөлдөр кошулуп кетиптир» деген жообун берди.
«Биздин планыбызда андай акчабыз жок да, негизи портал өткөрбөш керек болчу. Артына жанагы нөлдөр кошулуп кетиптир. Биз бул тендерди жарыялаганга чейин мониторинг жүргүзгөн болчубуз. 10 тоннасын 585 миң сомго эле сатып алмакпыз», – деди улук инспектор.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын бардык телефондору өчүк болгондуктан, кандайдыр бир маалымат алууга мүмкүн болбоду.