Эмдөөнүн жай жүрүшүнөн улам КРнын экономикасынын калыбына келиши көп убакытты талап кылышы мүмкүн

Эмдөөнүн жай жүрүшүнөн улам КРнын экономикасынын калыбына келиши көп убакытты талап кылышы мүмкүн

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн жай жүргөндүгүнөн улам, Кыргызстандын экономикасы узак убакытта калыбына келүү коркунучунда турат. Мындай билдирүүнү Дүйнөлүк банктын КРгы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви билдирди.

Ал белгилегендей, аталган илдетке карата эмдөө дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун анын экономикасынын жалпы калыбына келүүсүнө түрткү болот. Экономисттердин божомолу боюнча, дүйнөдө эмделген ар бир млн кишиге карата дүйнөлүк ИДП орто эсеп менен дээрлик 8 млрд долларга калыбына келет.

Эмдөөнүн жогорку деңгээли байкалган өнүккөн өлкөлөр ушул жылдын аягына чейин адам башына ИДПнын өсүшүнүн ковидке чейинки деңгээлине жете алышат. Бирок эмдөө деңгээли төмөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасын калыбына келтирүү 2024-жылга чейин созулушу мүмкүн.

«Ошондуктан Кыргызстан эмдөөнүн ылдамдыгын жогорулатышы керек экендигин кайра-кайра айтуудабыз», – деди Накви.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды 25 января 2023 г.    17:38
АРИС Баткендеги соцобъектилерди курууга кеткен чыгымды ашыкча баалады деген билдирүүнү четке какты 25 января 2023 г.    16:47
Бензин бир айдын ичинде 5-6 сомго арзандайт — Монополияга каршы орган билдирди 25 января 2023 г.    15:28
№47 түзөтүү колониясынын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон курулат 25 января 2023 г.    14:13
«Кумтөр Голд Компани» камактагы Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жооп берди 25 января 2023 г.    13:36
Бажы кызматкерлери КРдан накталай доллар алып чыгууда аларга кайрылууну суранышат 25 января 2023 г.    12:41
Германия сөзүнө турду — КРнын карызын кечип, биринчи транш менен 5 млн евро «МИК» ААКга берди 25 января 2023 г.    11:28
Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады 25 января 2023 г.    10:49
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери