«Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн. Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров Азаттыкка билдирди. Бирок алар Кыргызстандын 26% акциясына кызыкдар.
Швейцариянын Женева шаарындагы Кумтөр кени тууралуу «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду аяктаганы менен анын мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат айтылган эмес. Буга эки тараптын сүйлөшүүнүн жыйынтыгын купуя сактоо келишими себеп болгон.
Бирок Министрлер кабинетинин 12-октябрда жаңы дайындалган төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» учкай маек куруп, бул маселе боюнча маалыматтын четин чыгарды. Анын айтымында, канадалык компания Кыргызстандан чыгып кете турганын билдирген. Бирок алар шарт койгон.
«Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. «Центерра» менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок «силер 26% акцияңарды бизге берсеңер» деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
«Центерра» компаниясы Акылбек Жапаровдун айтканы боюнча комментарий бербей турганын билдирди.
Швейцариянын Женева шаарында 29-30-сентябрда өткөн сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын Акылбек Жапаров баштап барган. Анын курамында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер болгон. Экинчи тараптан барган топтун башында «Центерра Голд» компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри турган.