Бишкекке алынып келинген 210 автобустун 90 гана линияга чыгууда

Бишкекке алынып келинген 210 автобустун 90 гана линияга чыгууда

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарынын мэриясы менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы газ менен иштеген 350 автобусту алып келүү боюнча келишим түзгөн болчу. Андан бери Бишкекке Өзбекстандан 210 газ автобусу алынып келинген.

Келишимдин шарттарына ылайык, Өзбекстанда чыгарылган ISUZU япон маркасындагы автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылдын 1-июлуна чейин чыгыш керек эле.

Мэрия транспорт маселесин чечип, кичи автобустардан арылууга жардам берерин убада кылып, жаңы транспортту салтанаттуу түрдө тапшырган. 

Бирок шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө линияга 90 гана автобус чыгууда, алар үчүн атайын каттамдар иштелип чыккан.

Ал эми калган 120 автобус автотранспорт паркында бош турат. Берилген маалыматка таянсак, айдоочулар жетишсиз болгондуктан алар линияга чыкпай турат.

Ошондой эле буга чейин Бишкек шаарынын мэри Бишкек автотранспорт компаниясынын «Газпромго» 18 млн сомдук карызы тууралуу билдирген болчу. Башкача айтканда, автобустар күйүүчү майдын жоктугунан линияга чыга элек.

Бирок Дүйшөмбү күнү Бишкекте дагы 30 жаңы Isuzu автобусу ишке чыгышы күтүлүүдө.

Ошондой эле Бишкек мэриясы донорлордун акчасына 400 автобус сатып алууну көздөөдө. Евразия реконструкциялоо банкы (ЕРӨБ) менен макулдашууга ылайык, газ менен 250 автобус жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен макулдашуу боюнча 150 электроавтобустар алынып келинмекчи.

  • Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы ушул жылдын 1-ноябрынан баштап көтөрүлөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери