Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна 1 млн сомдук илимий грант тапшырды. Бул тууралуу Kaktus.media порталына анын өздүк булактары кабарлаган.
Акаев учурдагы президент Садыр Жапаровдун балдар борборун бүтүрүү демилгесин колдоп, ИУФАдан (Россиядагы Илимий Уюмдар боюнча Федералдык агенттик) 2021-жылга алынган илимий гранттан 1 млн сом бөлүп берген.
Белгилей кетсек, борбордун курулушу 2000-жылдары Акаевдин тушунда Майрам Акаеванын «Мээрим» фондусунун колдоосу менен башталган. Бирок 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин комплекс КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүлгөн.
Ушул жылдын март айында Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен бирге борборго келип, мекеменин курулушун бүткөрүүнү тапшырган. Учурда бир блок араб кайрымдуулук фонду тарабынан, экинчиси «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан курулууда.
Ошондой эле Садыр Жапаров да мамлекет башчысынын фондунан бул борборго 3 млн сом, Министрлер кабинетинин фонду да 3 млн сом бөлүп бергенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын балалык» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өтүүдө.