Патент менен иштеген ишкерлерге жалпысынан 30 млн доллар бөлүнөт – Экономика министрлиги

Патент менен иштеген ишкерлерге жалпысынан 30 млн доллар бөлүнөт – Экономика министрлиги

Патент менен иштеген майда ишкерлер үчүн жалпысынан 30 млн доллар, ал эми салык төлөп келген чакан, орто ишканаларга, юридикалык жана жеке тараптарга 42 млн доллар бөлүнөт жана ар бир ишкер 825 миң сомго чейин ала алат. Бул жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоорунун алкагында ишке ашат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, аталган программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

«Долбоордун максаты – майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. Анын алкагында 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз каражат берилет. Бул болжол менен 6 млрд 84 млн сом», – деди министрдин орун басары.

Министрлик каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин белгиледи. Башкача айтканда, үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.

Бул иштерди аткаруу үчүн төмөнкү банктар менен келишим түзүлгөн:

  • «Айыл банк»
  • «Азия банкы»
  • «ФинансКредитБанк»
  • «Кыргызстан коммерциялык банкы»
  • «Борбордук Азиялык Капитал банкы».

Калктын финансылык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана долбоорго катышкан банктардын санын көбөйтүү максатында 1-октябрда төмөнкү банктар менен да келишим түзүлгөн:

  • «Халык Банк Кыргызстан»
  • «Керемет банк»
  • «Дос-Кредобанк».

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти 20 сентябрда 2022 г.    16:28
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы 20 сентябрда 2022 г.    15:17
Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү – жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат 20 сентябрда 2022 г.    14:36
Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткенде 700дөй объект талкаланды – дагы такталууда 20 сентябрда 2022 г.    13:52
Көк-Таш – Аксай – Тамдык автожолундагы жардырылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилди – жүргүнчүлөргө ачык 20 сентябрда 2022 г.    13:27
Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартууга локомотив болот 20 сентябрда 2022 г.    11:59
Аскар Акаев: Эмомали Рахмонду Тажикстан эли өзү жазалайт деп ишенем 20 сентябрда 2022 г.    11:29
Баткен жана Ош облусунун чек ара аймактарында жарылбай калган снаряд, миналарды тазалоо иштери башталды 20 сентябрда 2022 г.    11:03
Все новости
НБ КР
USD 81.13
EUR 81.20
RUB 1.32
Моссовет
USD 82.06
EUR 82.99
RUB 1.37

Конвертер валют