«Кыргызстан коммерциялык банкынан» жоголгон 47 млн сом боюнча банктын мурдагы кызматкери Гүлмира Асанбекова милициянын тергөө абагына эки айга камалды. Аталган банк аны экономикалык чыгым келтирген деп айыптоодо. Бул тууралуу «Азаттык» кабарлады.
Асанбекова банк жетекчилеринин басымы менен жоголгон ири каражатка жоопкер болуп калганын айтып, укугун коргоп берүүнү суранып президентке кайрылган. Бирок аталган банк жетекчилери мурдагы кызматкери койгон дооматтарды четке кагып, Асанбекова экономикалык зыян келтиргенин айтып жатат.
Банктан жоголгон ири каражатты төлөш керек болгон Асанбекованын күйөөсү Бактияр Дуланов аялы 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына Жазык кодексинин 205-беренесине шектүү катары кармалганын билдирди. Дуланов 30-сентябрда сот анын аялын эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын кабарлады.
«Кыргызстан коммерциялык банкы» натыйжалуу ички көзөмөл жүргүзөрүн, заманбап технологияларды колдонуу менен бардык бизнес-процесстер үзгүлтүксүз текшерилип турарын белгиледи. Ошондой эле банк өз аброюн сотто коргой турганын билдирди.
Айтор, эки тарап өз жүйөлөрүн келтирип, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышканын билдирип жатышат. Банк Асанбекова жоголгон акчанын калган бөлүгүн төлөбөй жатканы жөнүндө кайрылган. Ал эми Гүлмира Асанбекова эки жарым сутка мыйзамсыз банкта кармалганы жөнүндө арыз таштаган. Бишкек милициясы эки иш боюнча кенен маалымат берүүнү убада кылды дейт «Азаттык».