Дүйнөлүк банк КРнын аймактарын өнүктүрүүгө 50-60 млн доллар бөлүшү күтүлүүдө

Дүйнөлүк банк КРнын аймактарын өнүктүрүүгө 50-60 млн доллар бөлүшү күтүлүүдө

Кечээ, 30-октябрда КРнын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн жолугушуу учурунда Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору талкууланды.

Аталган долбоордун максаты бир катар секторлорго максаттуу интервенция жасоо жолу менен Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү болуп саналат.

Долбоор 6 жылдык мөөнөт менен Дүйнөлүк банк тарабынан болжол менен 50-60 млн долларга жүзөгө ашырылат жана ишмердүүлүктүн төмөндөгүдөй 6 компонентин камтыйт:

  • Аймакты туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу
  • Муниципалдык инфраструктураны жана базалык мамлекеттик кызматты колдоо
  • Айыл чарба азык-түлүк кластерин күчөтүү
  • Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн чакан гранттар программасы
  • Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга каршы туруу
  • Долбоорду жүзөгө ашырууну колдоо, көзөмөлдөө жана баа берүү.

«Бул айыл чарба активдерин же кызматтарын алган дыйкандардын, шаардык жана айылдык өндүрүшчүлөрдүн санынын өсүшүнүн натыйжасында күтүлүүдө жана инфраструктуранын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулаткан, кирешелүү рынокторго жетүүнү камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жыйынтыгында бул чакан гранттар программасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын санынын өсүшүнө алып келет.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Россия калкты мобилизациялоо жана чет элдиктерди армияга тартуу үчүн мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди – бул кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этет? 21 сентябрда 2022 г.    14:29
Баткендеги чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет 21 сентябрда 2022 г.    13:22
Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди 21 сентябрда 2022 г.    11:19
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу 21 сентябрда 2022 г.    9:56
Биз тажик кошунабыз менен цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүүгө даярбыз – Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөдү 21 сентябрда 2022 г.    9:40
Кыргызстандын биринчи бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит каза болду 21 сентябрда 2022 г.    9:11
Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти 20 сентябрда 2022 г.    16:28
Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат – Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы 20 сентябрда 2022 г.    15:17
Все новости
НБ КР
USD 81.13
EUR 81.20
RUB 1.32
Моссовет
USD 83.02
EUR 83.27
RUB 1.37

Конвертер валют