КНС 2020-жылга салыштырмалуу 3 млрд сомго көп чогулду

КНС 2020-жылга салыштырмалуу 3 млрд сомго көп чогулду

КНС 2020-жылга салыштырмалуу 3 млрд сомго көп чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев Биринчи Радионун түз эфиринде айтты.

Анын айтымында, фискалдаштыруу иштери ийгиликтүү жүрүп жатат жана система ишке киргенден бери 15 миң салык төлөөчү бул системаны колдонуп келишет. Жыл ичинде бир трлн сомдон ашык электрондук эсеп-фактуралар чыгарылган жана 7 млн эсеп-фактура таризделген. Былтыркыга салыштырмалуу салык 8 айдын планынан 3 млрд сомго (5%) көп чогултулган.

Май куючу жайларга автоматташтыруу системасы киргизилгенден тартып, (2020-жылы 1-июлдан баштап киргизилген) элге сатылган КММдын көлөмү 1.5 эсеге көп сатылганы байкалган.

«Фискализация ири ишканалардан башталган. Электрондук эсеп -фактуралар КНС төлөгөн ири ишканалар тарабынан колдонулат. Анын негизинде КНС 2020-жылга салыштырмалуу 3 млрд сомго көп чогулду», – деди ал.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют